Биз менен байланышыңыз

«Адеп Башаты»: Өлкө боюнча миңге чукул бодо мал курмандыкка чалынды

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Авг 2020 | 968 | 0

Быйылкы Курман айт майрамынын урматына «Адеп Башаты» диний уюму тарабынан Кыргызстан боюнча миңге чукул бодо мал курмандыкка чалынды. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Автандил Жусупбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында;

  • Баткенде — 27,
  • Кызыл-Кыя шаарында — 34,
  • Кадамжай районунда — 23,
  • Ошто — 100,
  • Кара-Суу районунда — 9,
  • Өзгөн районунда — 13,
  • Жалал-Абадда — 58,
  • Кочкор-Атада — 14,
  • Токтогулда — 9,
  • Таласта — 119,
  • Токмокто — 32,
  • Ысык-Көлдө — 41,
  • Нарында — 12,
  • Бишкекте  500гө чукул бодо мал союлду.

«Жылдагыдан айырмаланып, быйыл курмандык эттерин таратууда дарыгерлерге, медициналык кызматкерлерге басым жасадык. Бишкек шаары боюнча медиктерге 1 тоннага жакын эт таратылды. Ушундай эле иштер аймактарда да жасалды. Курмандыктын эттери ар бир облуста аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, карылар үйүнө, балдар үйүнө да таркатылды. Фонддо каттоодо турган муктаж үй-бүлөлөргө да бердик», — дейт Жусупов.

Белгилей кетсек, «Адеп башаты» 2003-жылдан бери Курман айт майрамында курмандык союу жана таратуу иштерин уюштуруп келет.

Copyright © 2017 Maral FM