Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Өзбекстан үйүндө дарыланып жаткандарга акысыз дары-дармек берет

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 535 | 0

21-июлдан тарта Өзбекстанда COVID-19 вирусун жугузуп алып, үйүндө дарыланып жаткандарга мамлекет дары-дармектерин акысыз камсыздап берет. Мындай чечим өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн штабдын жыйынында үй карантининде дарыланып жаткандарга акысыз берилүүчү дары-дармектердин тизмеси бекитилди. Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.

Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат. Азырынча COVID-19 вирусун жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткан адамдардын саны тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Белгилей кетсек, бүгүн 21-июлга карата Өзбекстанда 562 адам коронавируска чалдыкканы айтылды. Вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 17 миң 314тү түздү. Ошондой эле, бир суткада 4 бейтап кайтыш болсо, өлкө боюнча жалпы 91 адам коронавирустан көз жумду.

Акыркы бир сутка ичинде 184 бейтап оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Жалпы 9 миң 463 бейтап COVID-19 вирусунан сакайды.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алуунун алгачкы учуру 15-мартта катталган.

Copyright © 2017 Maral FM