Биз менен байланышыңыз

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев каза болду

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 1829 | 0

Коомдук ишмер, Коомдук биринчи каналдын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев оорунун айынан каза болду.

Жекшеев 21-июлга караган түнү Бишкектеги улуттук ооруканада өпкөнүн сезгенүүсүнөн кайтыш болду.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган. Ал 2017–2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеген.

Жыпар Жекшеев 1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдарынын бири болгон “Ашар” коомунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.

1990-жылы май айында “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш тең төрагасынын бири болуп шайланган.

1995––2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2005-жылдын 24-мартындагы биринчи элдик ыңкылаптан соң, ошол жылдын апрелинен тарта Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2007–2009-жылдары Жыпар Жекшеев Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген.

2009-жылы президенттикке талапкерлердин бири болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM