Коомдук ишмер, Коомдук биринчи каналдын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев оорунун айынан каза болду.
Жекшеев 21-июлга караган түнү Бишкектеги улуттук ооруканада өпкөнүн сезгенүүсүнөн кайтыш болду.
Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган. Ал 2017–2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеген.
Жыпар Жекшеев 1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдарынын бири болгон “Ашар” коомунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.
1990-жылы май айында “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш тең төрагасынын бири болуп шайланган.
1995––2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.
2005-жылдын 24-мартындагы биринчи элдик ыңкылаптан соң, ошол жылдын апрелинен тарта Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.
2007–2009-жылдары Жыпар Жекшеев Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген.
2009-жылы президенттикке талапкерлердин бири болгон.