Биз менен байланышыңыз

Ошко Москвадан 15 медик келди

Кыска кабар | 19 Июл 2020 | 366 | 0

Ош шаарына Москвадан келген дарыгерлерди салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык медиктер коронавирус жана пневмонияга каршы күрөшүүдө кесиптештерине жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө келишкен.

Аларды «Ош» аэропортунан шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэр баштаган топ тосуп алды.

Чогулгандар жардамга келген дарыгерлерге ыраазычылык айтып, элдин ден соолугуна кам көргөн аракеттерине ийгилик каалашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM