Connect with us

Өкмөт «кызыл зонада» иштеген медиктерди санаторийге жөнөтөт

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 1582 | 1

Өкмөт коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан медицина кызматкерлерин санаториялык-курорттук дарыланууга жиберет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова өткөргөн жыйында айтылды.

Ал ооруканаларда коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн «кызыл зонада» вахталык ыкма менен иш алып барган медициналык кызматкерлер үчүн эс алууну жана санаториялык-курорттук дарыланууну уюштуруу тапшырмасын берди.

Учурда медициналык кызматкерлердин тизмеси жана алардын санаторйлерге баруусунун графиги түзүлүп жатат. Барып келүүлөрүнө транспорт да уюштурулат.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM