Биз менен байланышыңыз

Президент «Ата мекен» жана «Республика» партияларына кайрылды

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 10254 | 1
Президент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңыланган имараты менен таанышуу учурунда

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» курган маегинде шайлоо маселесине токтолуп, «Ата мекен» жана «Республика» партияларынын мүчөлөрүнө кайрылды. Жээнбековдун пикиринде, аталган партиянын мүчөлөрү жана колдоочулары саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырып жатышат.

«Ата мекен» жана «Республика» партияларынын квотасы менен дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ушул партиялардан шайланып, иштеп келген, иштеп жаткан депутаттарга, ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына айтаар элем. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм. Ток этерин айтканда, алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы азыр иштеп жатат. Чыгымдарды азайтат», -деди өлкө башчы.

Жээнбеков пандемия шартында шайлоону өткөрүүдө элдин саламаттыгына кедергисин тийгизбөөгө көңүл буруларын айтты.

Кыргызстанда пандемия шартында саясий кырдаал да чыңалып, шайлоону токтотуу сунуштары айтылды. Бирок президенттин жарлыгы менен парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Саясий партиялар талапкердин тизмесин жана керектүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына 24-августка чейин бериши керек. Партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери башталат.

Президенттин пикиринде, шайлоо өтпөшү керек деп куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар да каттоодон өттү.

Айта кетсек, 44 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген.

44 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди (тизме)

БШК шайлоого кетчү чыгымды 447 млн сомго түшүрдү

 

1 пикир

1 пикир

  1. Динара

    18.07.2020 20:50

    Ушу шайлоону жылдыра туруп 447 миллион сомду коронавирус пандемиясы менен куроошуго жумшаса. Канча адамдын ден соолугун да канча адамды олумдон сактап калмакпыз.Депутаттар деле анча зарыл кереги жок эле. Жыргатып же иштешпейт. Ушундай элдин оор ахвалында депутаттар иштегендин ордуна каникулга чыгып кетишти. Анда санда буро эле жардам бербесе.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM