Биз менен байланышыңыз

Микрохирург Бакыт Өмүрзаков пневмониядан улам көз жумду

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 490 | 0

Микрохирург Бакыт Өмүрзаков пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлады.

Бакыт Өмүрзаков кечээ, 17-июлда өпкө ооруусунун кесепетинде 60 жашында көз жумду.

Ал Улуттук госпиталда пластикалык, рекуонструктивдик микрохирургия жана сөөк хирургиясы бөлүмүндө 18 жыл эмгектенген. Андан кийин Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунда пластикалык микрохирург болуп иштеген, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса кемчиликтери үчүн хирургия бөлүмүн жетектеген.

Акыркы жылдары Бакыт Өмүрзаков өзүнүн пластикалык жана хирургиялык медицина борборун жетектеген.

Ал хирургия адистиги боюнча медициналык илиминин кандидаты болгон.

Марал радиосунун эмгек жамааты Бакыт Өмүрзаковдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM