Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандар 25 миңден ашты, 1,5 миңи оор абалда

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 1181 | 0

2020-жылдын 18-июлуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар жалпысынан 25 047 учурга жетти. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

18-июлга карата акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусу менен 1264 адам катталды. Ошондой эле, бир суткада коронавируска кабылган 73 бейтап каза болду.

Учурда 4345 бейтап стационарда дарыланууда. Алардын ичинен 70 киши реанимацияда. Дагы 1402и оор абалда.

Вирусту жеңип, ооруканадан чыгарылгандар 4 495 адам, үй карантининде болуп, айыгып чыккандар 2 742.
Коронавирустун кесепетинен каза тапкандар 858 кишини түздү.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2269 учур катталды, алардын ичинен 600 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикалары бириктирилди.

Copyright © 2017 Maral FM