Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда социалдык аралыкты сактоого чакырган тиркеме иштей баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 438 | 0

Ташкентте Self-Safety мобилдик тиркемеси ишке киргизилди. Анда COVID-19 менен жабыркаган жарандар арасында социалдык аралыкты сактоо маалымдалып турат. Бул тууралуу өлкөнүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Ташкент шаарынын администрациясы менен биргеликте иштелип чыккан.

Колдонмо мобилдик түзмөктүн GPS жана Bluetooth модулдарынын дайындарын колдонот. Эгерде колдонуучулардын биринде вирус табылса, система бир мүнөт ичинде беш метр радиуста жайгашкан бардык кесилиш чекиттерин аныктайт.

Көрсөтүлгөн шарттарга ылайык кесилиш чекиттерин аныктоонун натыйжасында, радиуста болгон бардык колдонуучуларга эскертүү берилет.

Мобилдик тиркеме Android жана IOS платформалары үчүн жеткиликтүү, тиешелүү шилтемелер coronavirus.uz сайтында жайгаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM