Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун оор формасына мүнөздүү белгилер айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 1384 | 0

Францияда илимпоздор коронавирус оорусу менен ооругандарда аныктала турган негизги белгини атады. Изилдөөнүн жыйынтыктары Американын Science журналында жарыяланган.

Изилдөөдө илдет жеңил жөтөлдөн тарта дем алуу жетишсиздигинен улам ИВЛ аппаратына туташтырылган жалпы 50 бейтаптын абалы иликтенген.

Биоматериалдарды талдап чыккандан кийин, изилдөөчүлөр оор COVID-19 менен ооругандардын барында организмде вирус менен күрөшүү үчүн чыгарылуучу I типтеги интерферондун жетишсиздиги бар деген жыйынтыкка келишти. Анын өндүрүшү коронавирустук инфекциянын өнүгүшүн жайлатат.

Окумуштуулар белоктун ушул түрү пациенттердин айыгышында чечүүчү ролду ойнорун ырасташат.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 13,8 миллион адам коронавирусту жуктуруп, 589 миңден ашуун адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM