Биз менен байланышыңыз

Пандемия: тез жардам унааларындагы көйгөй күчөдү

Ден соолук , Саясат | 17 Июл 2020 | 1052 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги 15- июлда жалпы наркы 764 миң 900 долларга 13 тез жардам унаасын алды. Тез жардам унаалары Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында ишке ашты. Алынган үч тез жардам унаасы жасалма дем алдыруучу аппарат менен жабдууланган. Аталган тез жардам унаалары келгенден баштап эле алардын бааларына коомчулукта нааразычылтар күчөдү. Ошол эле учурда Ысык-Көл облустук ооруканасына бөлүнгөн тез жардам унаасы Боом капчыгайында бузулуп калгандыгы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. 

Сатылып алынган 13 жаңы тез жардам унаасынын баасы канчадан болгон?

Кыргызстандын аймактары үчүн атайы дизель майы менен иштөөчү 4WD “Соболь” маркасындагы унаалар алынган. Алардын ичине адамды дем алдыруучу системалар, кычкылтек балондору, чоңдорго, балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон бардык жабдуулар орнотулган. Баасы 48 миң 700 доллардан айланган.

Экинчи класстагы 4 даана реанимобилге болсо кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган. «Форд Транзит» үлгүсүндөгү ар бир унаанын баасы 90 миң  300 доллардан туура келген.

Тендерге жалпысынан 4 фирма катышкан. Тендерди уткан компания унаанын ичине орнотулчу медициналык жабдуулардын техникалык параметрлерин көрсөтүп, ага ылайык транспорт каражаттары жабдууланган. Андан соң гана консорциумга берилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдугунан өткөн соң тез медициналык жардам унаалары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилгендигин Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов жооп билдирди.

— «Биз жаңы атайы техникаларды текшерип чыктык. Сапаты баасына төп келди. Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү тармагында эмгектенген эксперттер дагы оң баасын беришти” , — деди Исмаилов.

«Социалдык тармактарда заводдо чыгарылган базалык жабдуулары менен болгон тез жардам унааларын сөз кылышууда»

Медербек Исмаилов билдиргендей, социалдык тармактарда жарандар жөнөкөй керектөөчүлөргө ылайыктуу, заводдо чыгарылган каркас түрүндө базалык комплектациядагы жаңы унаалардын бааларын жүйөө келтирип жатышат.

Ошол эле учурда министрлик коомчулуктун сатып алган тез жардам унааларынын ичиндеги медициналык жабдуулар менен каражаттардын баасын эске алышкан эместигин да кошумчалады.

Мындан сырткары, Исмаилов эгерде аталган үлгүдөгү унааларды баардык жабдуулары менен 20 миң долларга алып келишсе, анда ал унааларды түз сатып алууга даяр экендигин билдирди.

— «Биз Тышкы иштер министрлиги аркылуу башка өлкөлөргө өтүнүч жөнөттүк. Орусия жактан ГАЗ компаниясынан билдирүү түштү. Алар 3 млн 365 миң рублдан сунушташты. Бул орточо 48 миң доллар болот экен. Ошондой эле Өзбекстандан да базалык жабдуулары менен 48 миң доллар болуп чыкты» , — деди Исмаилов.

Тез жардам унаалары атайын буйрутма, атайын өлчөм менен даярдалат.

Буга чейин кантип сатылып алынган?

Бишкек шаардык мэриясы жыл сайын тез жардам унааларын сатып алат жана бул жаатан тажрыйбасы бар десек болот. Аталган мэрия тарабынан алты тез жардам унаасы 2019-жылдын октябрь айында сатылып алынган.

Мэриянын саламаттык сактоо башкармалыгы август айында жарыялаган тендерди «АБМ Авто» компаниясы утуп алган. Келишим боюнча аталган компания «А» классындагы алты тез жардам унаасын 10 миллион 980 миң сомго алынган.

Бишкек шаардык тез жардам кызматында жалпы 6 «ГАЗ» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы 2018- жылдан бери кызмат кылып келет.

Кыргызстанда тез жардам унааларынын жетишсиздиги курч көйгөй бойдон калууда

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2019- жылдын башында берген маалыматына ылайык, Республика боюнча 200 тез жардам унаасы оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүү үчүн дагы 250гө жакын тез жардам унаасы керек.

Бирок пандемия чет өлкөлөрдө кулачын жайып башталгандан бери ондогон жеке ишкерлер өздөрүнүн туулуп өскөн аймактарына ар түрдүү үлгүдөгү тез жардам унааларын белек катары берип келишүүдө.

Ошондой эле ушул күнгө чейин өз алдыларынча акча чогултуп, ар ким өзү жашаган аймактарына тез жардам унааларын алуунун пландап жатканын байма-бай жарыялашууда.

Copyright © 2017 Maral FM