Биз менен байланышыңыз

Кытай экономикасы дүйнөдө биринчилерден болуп кайра өсө баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 973 | 0

Коронавирустук пандемия учурунда дүйнөдө биринчилерден болуп Кытай экономикасы өсө баштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасына шилтеме жасап «Медуза» билдирди.

Кытайдын Улуттук статистикалык бюросунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын экинчи кварталында Кытайдын ИДПсы өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 3,2% га өскөн.

Чейрек ичинде айыл чарбасында жана өнөр жайда эң жогорку өсүш байкалган. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүш жай.

Жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу чекене соода төмөндөгөн, бирок тармакта калыбына келүү белгилери көрүнө баштаган.

«Жалпысынан, биринчи жарым жылдыкта улуттук экономика эпидемиянын терс таасирин жеңе баштады», — деп Forbes Кытайдын статистика бюросунун билдирүүсүн келтирди.

Айта кетсек, аналитиктер Кытайдын ИДПсы экинчи чейректе 2,5 пайызга өсөрүн болжолдошот.

Июнь айында Кытай импорту курулуш материалдарына суроо-талаптын жогорулашы менен быйыл биринчи жолу жогорулады. Башка өлкөлөрдөгү чектөөлөрдүн акырындап жеңилдеши Кытайдын экспортун дагы күчөттү.

Ошол эле учурда, быйыл Кытай экономикасы өзүнүн тарыхындагы эң төмөнкү өсүү темпин рекорддук деңгээлде күтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM