Биз менен байланышыңыз

Ирандын портунда 7 аскер кемеси өрттөндү

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 498 | 0

Ирандын портунда жети аскер кемеси өрттөнүп кетти. Окуяга АКШ жана Израиль шектелүүдө. 15-июлда Ирандын түштүгүндөгү Бушер портунда бомба жарылып, өрт жети аскер кемесин жалмап кетти.

Medusa Fox News билдиргендей, кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Бушерде Ирандагы жалгыз атомдук станция жайгашкан.

Акыркы бир нече жума ичинде Ирандын өзөктүк программасы менен түз жана кыйыр түрдө байланышкан өнөр жай ишканаларында жана аскердик объектилерде бир катар окуялар болуп өттү.

13-июлда тарыхый Хорасан провинциясындагы жаратылыш газын өндүрүү ишканасында жарылуу болду.

4-июлда Ирандын батышындагы электр станциясында өрт чыкты. Бир күн мурун Натанздагы уран байытуучу заводдо ушундай окуя катталган.

Июнь айынын аягында Парчиндеги аскер базасында бензин куючу унаа жарылган.

Көпчүлүк талдоочулар бул окуялар бири-бирине байланыштуу жана Израиль, АКШ же Ирандын башка тышкы саясий душмандары жүргүзүп жаткан чагымчылык кампаниясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн деп божомолдошот.

The New York Times чалгындоо булагына шилтеме кылып Натанздагы окуяны Израилдин атайын кызматтары уюштурганын билдирди.

Иран менен АКШнын мамилелери Дональд Трамп бийликке келгенден кийин кескин начарлап кеткен. Ал Барак Обаманын администрациясы кол койгон Иран менен өзөктүк келишимден баш тартты. Трамп Иранды келишимди бузду деп айыптап, бирок далил келтирген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM