Биз менен байланышыңыз

Сovid-19: Батыш өлкөлөрүндө абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 448 | 0

Дүйнө жүзүндө коронавирустан каза болгондордун саны  585 миңден, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 13 миллион 652 миңден ашты. Ал эми айыккандардын саны 7 миллион 973 миң болду.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда covid-19дан улам акыркы бир суткада 85 адам каза болду. Аны менен бирге жалпы 45 миң 53 адам вирустун курмандыгы болду. Ошондой эле, бир күн ичинде вирусту жуктуруп алгандардын саны 538ге көбөйүп, жалпы 291 миң 911ге жетти.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун кесепетинен 13 киши көз жумуп, жалпы 35 миңге жетти. Бир сутка ичинде 162 адамга вирус жукту.

Испанияда акыркы бир күндүн ичинде пандемиянын кесепетинен 4 адам каза болду. Жалпы вирустун айынан көз жумгандар 28 миң 413кө жетти. Ал эми ооруга чалдыккандардын саны акыркы 24 саатта 390го көбөйүп, 257 миң 494 болду.

Португалияда акыркы бир суткада 8 адам каза болуп, covid-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 676га жетти. Өлкөдө инфекцияга чалдыккандардын саны 47 миң 426 адамды түзүп, 375 жаңы учур катталды.

Copyright © 2017 Maral FM