Биз менен байланышыңыз

Боронов: Ирандан дары-дармектердин чоң партиясы келет

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 817 | 0

Жакында Ирандан Кыргызстанга дары-дармектердин чоң партиясы келет. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Учурда Кыргызстандын Ирандагы элчилиги медикаменттерди алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бир-эки күн ичинде Кыргызстандагы дарыканаларда жок болуп жаткан 4-5 позициядагы дары алып келинет.

«Мен Ирандагы Кыргызстандын элчисине эртең учак менен дары алып келүү маселесин чечүүнү сүйлөштүм», -деди Боронов.

Бороновдун айтымында, Кытайдан, КМШ мамлекеттеринен, Пакистандан да дары-дармек алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Жакынкы күндөрү элди медикаменттер менен убактылуу камсыз кылуу маселеси чечилет.

Президент дары-дармектердин запасын камсыздоону тапшырды

Copyright © 2017 Maral FM