Биз менен байланышыңыз

Президент дары-дармектердин запасын камсыздоону тапшырды

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 742 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн жыйын өткөрүп, эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов учурда негизги эки көйгөй катары дары-дармек жана медициналык адистердин жетишсиздигин атады.

Ал Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелери аркылуу зарыл болгон дары-дармектерди алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Мындан сырткары, Бишкекте эки түнкү стационар ачылып жатканын кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков, дары-дармектердин кымбатташы жана таңкыстыгы боюнча жарандардын нааразылыктары негиздүү экенин айтты.

«Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштешүү шарт», — деди Жээнбеков. Мындан тышкары, медицина кызматкерлерин, анын ичинде ооруп калган дарыгерлердин айлык акылары жана компенсациялык төлөмдөрүн күттүрбөй берүүнү тапшырды.

Ошондой эле ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен кызматташууну жөнгө салуу тууралуу да айтып, жарандардын компьютердик томографиядан өтүүсүн жеткиликтүү кылууга, мындай кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик медициналык мекемелерде камсыз кылууну тапшырды.

Бороновдун айтымында, Бишкек боюнча азыркы тапта он эки компьютердик томографиялык жабдуу бар. Учурда тез жардам каретасын сатып алуу жана абалы оор бейтаптар үчүн реанимациялык аймактарды көбөйтүү маселелери иштелип жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM