Биз менен байланышыңыз

Заманга да, кыргызга да бап аалым эле

Блог | 11 Июл 2020 | 3988 | 0

“Ажыке, Бейиш жөнүндө айтып бериңизчи”,-деген өтүнүчтөр да айтылып калчу Чубак ажынын радиодогу эфиринде. “Мен сага Бейишке барыштын жолун айтып берейин, барганда кандай экенин көрүп аласың”,-деп жооп берчү. Эми болсо өзү мынтип өзү айткан жол менен Жараткандын сыйын көрүүгө сапар тартып кетти. Артында Кыяматка чейин жабылбай турган китеп калды…

Ар ишемби күнү кечки эфирин күткөн адам көп эле. Кыргызстандын ар кайсы аймагынан, Орусия, Түштүк Корея, Америка, Түркия дагы башка өлкөлөрдөн. Кыргыздар эле эмес кошуна өлкөнүн жарандары да суроо салып калчу. Ажыкенин эфири учурунда кеңседеги бардык телефондор шыңгырап баштачу. Ватсап номуру аркылуу кайрылган 8 миңден ашуун адамдын суроосу ошентип жоопсуз калды.


Чубак ажынын «Марал» радиосуна берген эксклюзивдүү маеги


Бир күнү бир эже кайрылуу жолдоптур. “Ажыке, сиз аркылуу биздин үйгө Ислам дини кирди. Жашообуз, максатыбыз өзгөрдү. Бир күнү Орусияга келдим дегениңизди угуп, жолдошум сиздерди көрүү үчүн аэропортко барды. Алыстан Абдышүкүр ажы экөөңүздөрдүн сүрөтүңүздөрдү тартып жөнөтүптүр. Жакын барышка тартынган экен. Мен сиздерди азыркы доордун асыл адамдары экениңиздерди айтып, барып сүрөткө түшүүсүн өтүндүм. Ошондо жолдошумдун көңүлүн сындырбай, сүрөткө түшкөнүңүздөргө рахмат. Анын кыялы мени сиздин сабактарыңызга катыштыруу эле. Бирок ал кыялы орундалбай, жакында эле кайтыш болду. Анын да сизге ыраазычылыгын жеткиргим келет, устаз. Буюрса, Кыргызстанга барганда сиздин сабагыңызга сөзсүз катышам. Сизден Алла ыраазы болсун,-деп келген катты окуп, саамга унчукпай, көзүнө жаш алды. Өзү себепчи болуп ыйман жолуна келген адамдарды угуп кадимки жаш баладай кудуңдап сүйүнчү. Ансыз деле жашоодогу максаттын бири башкаларды жашатуу, жакшылыкка чакырып, жамандыктан оолак кылуу эмес беле?

Көптү билчү. Өзүм ватсаптан келген суроолорду текшерип бергеним үчүн көп жолу күбө болдум. Азыркы замандын жаңылыктары болгон биткоин, биотөрөт, ишкердиктеги акциялар, айтор, ушул сыяктуу тенденциялардан дайым кабардар болчу. Акыйкатсыздыкты, коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер болбой, дайым пикирин билдирип турганын да баса белгилөөгө болот.

Эл аны көп укканынын бир себеби – динди жеңил кылып, сүйдүрө алганында. Өлкөдөгү диний түшүнүктү туура калыптанышына анын салымы чоң экенин эч ким танбайт. Эл кыдырып, социалдык тармактар аркылуу, онлайн түрүндө динге үгүттөөнү баштагандардын бири Чубак ажы болду. Көпчүлүк тарабынан майда көрүлгөн суроолорго да жеткиликтүү жооп берчү. Ушундай кылганына айрым молдолор нааразы болгонун өзү да бир жолу айтып берди эле. “Эл майда нерсени түшүнбөсө, молдолор элдин түшүнүгүнөн алыс нерсени айтса, дин кантип жайылат? Жөнөкөй нерседен баштап, айтып жеткириш керек”,-дегени күнү кечээгидей эсимде.

Азыркы чакырыктар, радикализм, караңгылык, бөлүнүү, ааламдашуу тууралуу да көз караштары, ойлору терең эле.  “Дин дагы сабырды талап кылат. Айткан нерсең дароо эле жетип, түшүнүп калышпайт. Акырындан диний деңгээлибиз көтөрүлүп баратат. Ушуну жайылта берели. Акырындан өз нугуна түшөт,-деп көп айтып калды. Азыркы абалга келишибизге бул инсандын да салымы чоң.

Көп кыз-келиндер кайрылып, үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрүп жатканын айтып даттанар эле. Окуяны, кырдаалды толук сураштырып, кеп-кеңешин айтчу. Көптөгөн үй-бүлөлөр туура эмес түшүнүгүнөн арылып, бактылуу жашап жатканын айтып, кийин ыраазычылыгын билдиргендери да болду.

Чубак ажыке, сиздин кылган иштериңизди тизмектеп, эскерип калабыз деп ким ойлоптур. Дайымкыдай бүгүн эфирге келип, күткөн мусулмандарга кеңеш, суроолоруна жооп берет деп күттүк. Бирок, бул жагы — Жараткандын жазмышы, тагдыры. Сиздин кеңешиңизди угуп, айткан сөздөрүңүз аткарылып жатканда, чыныгы мусулманчылык жашалып жаткан учурда сиз тирүүсүз, арабыздасыз. Бир коомдо өзгөртүү жасаган адамды тарых унутпайт…

Абдишүкүр Нарматов: Бүгүн элибиз пайгамбардын мураскорунан айрылды

Copyright © 2017 Maral FM