Биз менен байланышыңыз

Министрлик Чубак ажынын өлүмү тууралуу үн катты

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 4030 | 1

Саламаттык сактоо министрлиги Чубак ажы Жалиловду Улуттук госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июлда болжол менен саат 12:00дө Чубак ажы Жалилов оор абалда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө алып келинген. Ага — эки тараптуу пневмония, үчүнчү даражадагы дем жетишсиздиги, кант диабети диагнозу коюлган.

Реанимациялык аракеттерге карабастан 11-июлга караган түнү саат 02:50дө каза болгон.

«Министрлик Чубак ажы Жалиловдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат билдирүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Надирп

    12.07.2020 05:22

    Эээ Алахым оз рахматына ал,бешиштин фирдаас бакчаларынан оорун берсин.Аминь🤲аябагандай кучтуу аалым элле,орт элениз,сиздин таалимдериниз уккандан тажабайт эллек😭😭😭😭😭😭😭😭😭

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM