Биз менен байланышыңыз

Өлкө башчылары: Чубак ажы мусулмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон

Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 2500 | 0

Белгилүү дин аалымы, убагында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген мурунку Муфтий Чубак ажы Жалилов дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков, төрага Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук ишмерлердин атынан атынан көңүл айтуу каты жарыяланды.

Анда Жалиловдун элди руханий, диний, адеп-ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгеги болгону белгиленет. Некрологдо айтылгандай, Чубак ажы Жалилов Ислам дининин көрүнүктүү өкүлү катары өлкөбүздүн мусулмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

— Ал заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен мусулман жамаатына сухбаттары менен таанымал болуп, жаштарды адеп-ахлактыкка, ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессиялык аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон.

Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөп,  эл сүйүп окуган бир нече китептердин автору.

Чубак ажы Кыргызстандагы салттык Ханафий мазхабынын Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбордук Азия мамлекеттеринин диний турмушунда бекем орун алышына чоң эмгек өтөгөн.

Чубак ажы Жалилов мусулмандык укук, араб тилинин грамматикасы, Курандын аяттарына түшүндүрмө берүү жана хадис таануу илимдери боюнча таанымал дин ишмери эле,- деп жазылат некрологдо.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал орто мектепти алтын медалы менен аяктаган.

Чубак ажы 1996-жылы Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген.

2000-2006-жылдары Сауд Аравиясындагы дүйнөгө таанымал «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтун бүтүрүп, андан соң шарият факультетинен шарият жана усул боюнча бакалавр даражасына ээ болгон.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинен теология боюнча магистрдик даражасына ээ болуп, учурда Кыргызстан эл аралык университетинде илимин дагы да өркүндөтүп, докторлук диссертациясын жактоонун астында турган.

2005-2007-жылдары ал Орто Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болуп эмгектенген. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында бөлүм башчы болуп, Ислам университетинде сабак берген.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген.

2014-2020-жылдын июнь айына чейин эки чакырылышта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгон.

2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк сүнний Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп тандалган.

Чубак Ажы убагында Муфтий катары Мусулмандар дин башкармалыгынын иштерин жакшыртууга болгон аракеттерди көргөн, башка өлкөлөрдүн дин башкармалыктары менен байланыштарды бекемдеген.

Copyright © 2017 Maral FM