Биз менен байланышыңыз

Максат ажы Токтомушев: Чубак ажы ислам динибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 3318 | 0

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Аалымдар кеңешинин мүчөсү, белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов 45 жашында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ага байланыштуу Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев маркумдун жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтат.

— Кыргыздын мыкты уулу ааламдан өттү. Бул дүйнөдөгү мусулман эли үчүн дагы оор жоготуу.

Бүгүн биз чоң жоготууга учуруп отурабыз. Кечээ, 10-июлда Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдон айрылсак, бүгүн үлкөн аалымыбыз Чубак ажы Жалиловдон айрылдык.

Оор кабарды угуп, кабыргам кайышты. Бүгүн дүйнөдөгү мусулман эли үчүн дагы оор жоготуу.

Чубак ажы Жалилов бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам динибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Маркум Чубак ажыбыз коомубуздун өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон өз элинин азаматы эле. Ал аз өмүрүндө элибиздин руханий жаткан оңолуусуна өз өмүрүн арнады.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен ажыкемдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар, кайрат кылыңыздар анткени, бул жалган дүйнөдө эч бар жан тирүү калбайт.

Ыйык Курани Каримде: “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156)-деп айтылган.

Алла Таалам Чубак ажынын үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жараткан Алла Таалам маркум Чубак ажыбызга рахмат эшиктерин ачып, өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун берүүсүүн тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

Copyright © 2017 Maral FM