Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүк аалымдар Чубак ажы тууралуу

Блог , Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 5711 | 2

Орусиялык дин аалымы, москвадагы мемориалдык мечитинин имамы Шамиль Аляутдинов Чубак ажы Жалиловдун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтып, эскерүү видеосун жарыялады.

Ал Чубак ажыны постсоветтик өлкөлөр арасындагы эң авторитеттүү жана сөздүн тамырын таап сүйлөгөн адам экенин белгилеп, маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

-Чубак ажы Жалилов менен жеке тааныш болчумун, анын өлүмү өтө оор жоготуу болду,- дейт Аляутдинов.

Казакстандын башкы муфтийи Наурызбай ажы Таганулы кыргыз элинин белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов менен Бишкектин казысы Садридин ажы Маджитовдун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

— Акыркы бир күндө кыргыздын белгилүү дин кызматкерлери дүйнө салды.

Чубак ажы да, Садридин ажы да ислам дининин насаатчылары, дин аалымдары эле. Таасирдүү акыл-насааттары аркылуу көптүн көңүлүнө жол таба билди. Көптөгөн шакирт тарбиялады. Кыргыз журтун ыймандуулукка, изгиликке чакырды. Алаа Таала ал кишилерди ыйманына алып, акыреттик жайын жанаттан кылсын!

Алардын акылын угуп, насааттарынан таалим алган шакирттеринин арасынан устаздын жолун жолдогон шакирттери көп болсун. Өзүмүн атымдан жана Казакстан мусулмандарынын атынын бир тууган кыргыз журтуна терең кайгыруу менен көңүл айтам,- деп айтылат Башкы муфтийдин билдирүүсүндө.

Өзбекстандын муфтийи Усмонхон Алимовдун көңүл айтуу телеграммасы:

— Кыргызстанда дин ааламында көп жылдар кызмат кылган, Ханафи мазхабын улоочулардын бири Чубак ажы Жалиловдун каза болгонуна байланыштуу өз атымдан жана Өзбекстан мусулмандарынын атынан Кыргызстандын мусулмандарына жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бир туугандарыбыз бул оор кайгы жана жоготууга учурап турганда, аларга Аллах Тааладан сабыр тилейбиз. Курани-каримде: “…Акыйкатта, биз Аллага таандыкпыз жана албетте Ага кайтуучубуз…» (Бакара сүрөсү, 156-аят) деп айтылат.

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов Ханафи мазхабын жайылтууда, момун-мусулмандардын муктаждыктарын толтурууда жана элибиз ортосундагы достуктукту бекемдөөдөгү аракеттеринин акыбети кайтып, ага сооп жазылсын.

Аллах Таала маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, шакирттерине сабыр берсин.

Биз Жараткандан дуа кылып, маркумду өз мээримине алып, бейишти насип кылуусун суранабыз,- деп жазылат билдирүүдө.

Медиа тармагы боюнча адис казакстандык Куаныш Кемелов Чубак ажынын сабактарын калтырбай угуп, артынан түшүп жүрүп үйрөнгөн.

— Улуу устаз Чубак ажы Жалиловдун каза болгонун уктук, Аллах мээримине алсын ал кишини. Ал бизге да устаз болуп кетти. Тагдырга моюн сунабыз. Аллахтын кыйынчылыгына сабыр кылып, кубанычына шүгүр кылабыз. Кайгыруу менен кыргыз элине, маркумдун жакындарына көңүл айтабыз.

Кыргыздар эле эмес, көптөгөн казактар да устаздан өз суроолоруна жооп ала алды. Ажы дайыма дуабаларында айтып жүргөндөй, Кудайым шерменде кылбасын.

Ал киши көбүнчө илим алууга, китеп окууга чакырат эле. Артында калган шакирттерине Кудайым күч-кубат берсин

Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.

Өзбекстандык аалым, маркум шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун шакирттеринин көңүл айтуусу:

— Ислам үммөтү устаз, аалым, шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун шакирти, Орто Азия мусулмандарынын сыймыгы, мусулман үммөтүнүн улуу аалымы, илим такыбасынан ажырады.

«SaboqlarUz» жамааты Кыргызстан мусулмандан дин башкармалыгынын мурунку муфтийи Чубьак ажы Жалиловдун ааламдан өтүшүнө байланыштуу устаздын бардык туугандарына, жакындарына, шакирттерине жана илим алуучуларына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жараткан аалым устаздын дин үчүн, момун-мусулмандар үчүн кылган бардык амалдарын кабыл кылган болсун!

Copyright © 2017 Maral FM