Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирусту жуктургандар 12 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 347 | 0

11-июлга карата Өзбекстанда бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 463 адамдан аныкталды. Муну менен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 12 206 адамды түздү.

Маалыматка ылайык, жаңы учурлардын ичинен 268 учур карантин борборунда (чет өлкөдөн келгендер), 195 учур жергиликтүү тургундардан аныкталды.

Өзбекстанда жалпы 7530 адам (62 %) коронавирустан айыгып, дагы 4443 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 43 адамдын абалы оор болсо, 10 бейтап жандандыруу бөлүмүндө.

Өзбекстан 10-июлдан тарта республика боюнча «кызыл зонага» өттү. Катаал карантин режими 10-июлдан 1-августка чейин созулат. Бул аралыкта жалаң азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканаларга гана иштөөгө уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM