Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тез жардам борборуна бир суткада 3556 чалуу түштү

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 425 | 0

Бир сутка ичинде Бишкек шаардык тез жардам медициналык борборуна 3556 жарандан чалуу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искандер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, 339 чыгуу болуп, алардын ичинен 56 адам борбор калаадагы ооруканаларга жаткырылды. Ошондой эле тез жардам бригадалары курч респиратордук вирустук инфекциясы бар 53 адамга, пневмония менен ооруган 104 кишиге жана коронавирус менен ооруган 7 адамга барышкан.

Жалпы 33 бригада иштеди.

Copyright © 2017 Maral FM