Биз менен байланышыңыз

Новосибирсктен 192 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 487 | 0

Бүгүн, 10-июлда Кыргызстанга «Авиатрафик» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек» багыты менен 192 жаран учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча жарандарынын жеке арыздарынын негизинде ишке ашты.

Тизмеге кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, улгайган адамдар, сибирде ЖОЖдо окуган студенттер, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык мекемелерге COVID-19 илдети менен күрөшүүгө ыктыярчы – дарыгер, медайымдар киргизилди.

Жарандарды кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM