Биз менен байланышыңыз

“Семетей” обсервациясында чатырлар алынып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 590 | 0

“Семетей” обсервациясында чатырлар алынып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан коронавирус инфекциясы тастыкталган бейтаптарды кабыл алууга кошумча чатырлар орнотулган. Бирок, алар демонтаж болгон эмес, болгону бир чатыр башка орунга жылдырылган.

Фейсбук социалдык тармагында COVID-19 менен бейтаптарды кабыл алууга орнотулган чатырлар ЖМКнын өкүлдөрү тарагандан кийин демонтаж боло баштады деп тараган видео чындыкка дал келбейт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров керектүү учурда ведомство кошумча чатырларды өлкөнүн башка райондоруна дагы койгонго даяр экендигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM