Биз менен байланышыңыз

Президент: Четтен келген акчага кол салгандарга аёо жок

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 1410 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда ар бир жарандын саламаттыгы — мамлекеттик мааниге ээ экендигин айтып, азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүнүн жана Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө экендигин айтты.

«Эл арасында азыр суроо көп. Алардын бири — чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер жеп койду» деген сөз. Бул боюнча Өкмөт элге ачык маалымат берүүдө», — деди президент.

Ошондой эле ал элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга президент тараптан аёо жок экенин белгилеп, өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбай турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM