Биз менен байланышыңыз

Президент: Жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап ооруканалар курулат

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 810 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарга барды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Дарыгерлер менен баарлашууда Сооронбай Жээнбеков борбор калаада стационарлар өз маалында ачылгандыгын белгиледи.

«Стационарлар, албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы кырдаал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө» , — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы, комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилип жаканын айтып, Бишкекте  жана бардык облустардын борборлорунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап ооруканалар курула турганын билдирди.

Ошондой эле Бишкек мэриясы борбор калаанын аймагынан заманбап комплекстүү клиника куруу үчүн жер тилкесин караштырып жатканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Президент кандай гана кырдаал болбосун саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү процесси токтоп калбастыгын жана жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.

Мамлекет башчысы баарлашууда дарыгерлерге өз жанын аябай, жасап жаткан эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM