Биз менен байланышыңыз

«Элим барсыңбы?» облустарга экиден кычкылтек концентраторун берет

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 288 | 0

«Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду Орусиядагы мекендештердин колдоосу менен Кыргызстандын ар бир олбусуна экиден кычкылтек концентраторун берет. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Айдар Кубанычбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Америка, Орусия, Германия, Кореядагы кыргызстандыктар да каражат чогултуп, кычкылтек концентраторлорун сатып алууга көмөк көрсөтүүдө.

-Буга чейин кычкылтек концентраторунун Түркиядан Кыргызстанга келиши 550 долларга туура келсе, кечээ кымбаттап кетти, 660 долларды түзүп жатат. Анткени өндүрүшчүлөр товардын баасын кымбаттатты. Тилекке каршы, кырдаалдан пайдаланып, пайда табууну көздөгөндөр да болууда. Кыякылтек концентраторлорун 1000 долларга чейин сатып жаткандарды көрүп жатабыз. Бирок бул туура эмес, — дейт Кубанычбеков.

«Ыктыярдуу медиктер тобун» түзүүчүлөрдүн бири, журналист Тынчтык Алтымышев концентраторлорду ижарага берип жаткандарды сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM