Биз менен байланышыңыз

Америкада TikTok жабылышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 551 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытайдын ТикТок социалдык медиа колдонмосуна кирүүнү чектөө үчүн күрөшүп жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпеонун айтымында, бул колдонмо башка бир катар кытай мобилдик колдонмолору сыяктуу Пекин администрациясы тарабынан тыңчылык маалыматын чогултуу үчүн колдонулуп жатат. Ал бул тууралуу Fox News каналынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анда АКШ, Индия сыяктуу мамлекеттер Кытайдын социалдык медиаларына тыюу сала алабы? деген суроо берилген.

Расмий Делинин айтымында, бул социалдык тармактын жетекчилиги пропаганда менен алектенип, маалыматты КЭР өкмөтүнө өткөрүп берет. Бир гана АКШда 30 миллиондон ашык TikTok колдонуучусу бар.

«Биз буга олуттуу карайбыз. Бул маселе каралып жатат», — деди Помпео. Ал мындан сырткары Кытайдын Huawei жана ZTE телекоммуникация компаниялары АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтиргенин белгиледи.

«Элдердин смартфондорундагы кытай тиркемелери жөнүндө сөз болгондо, мен Америка кошмо штаттары керектүү чараларды көрөт деп ишендире алам», — деди Помпео.

29-июнда Индиянын Электроника жана маалымат технологиялары министрлиги Кытайда иштелип чыккан 59 мобилдик тиркемени «өлкөнүн коопсуздугуна жана көзкарандысыздыгын кыйраткандыгы үчүн» тыюу салды. Алардын арасында TikTok колдонмосу да болгон.

TikTok колдонмосу өзүнүн колдонуучуларына кыскача видеолорду ушул эле социалдык тармакка жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Ал кытайлык Byte Dance компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана 2016-жылы Кытайда Douyin деген ат менен ачылган.

Акыркы эсептөөлөр боюнча дүйнө жүзү боюнча TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM