Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Эрдоган коронавируска каршы күрөшүү маселесин талкуулашты

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 1343 | 0

Бүгүн, 6-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле телефон аркылуу сүйлөшүү маалында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында мындан ары  биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM