Биз менен байланышыңыз

Москвадан Бишкекке 424 кыргыз жараны учуп келди

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 336 | 0

Бүгүн, 5-июлда Москва шаарынан кезектеги чартердик каттамдын учагы менен 424 кыргызстандык Бишкекке учуп келди.

Келгендердин арасында болжол менен 424 жүргүнчү, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар, кош бойлуулар жана жаш балдар бар.

Москвада медицина кызматкерлери ыктыярчылардын тобун түзгөн. Элчилик өз ыктыяры менен Кыргызстандагы кесиптештерине жардам көрсөтүүнү каалган медицина кызматкерлери (кыргызстандыктар) үчүн каттам уюштуруп берди. Аны менен биринчи топтогу 26 дарыгер мекенине келди.

Ошондой эле, бул учак менен 2 жашка чыга элек 26 бала, отуздан ашык кош бойлуу аял, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, оор ооруга чалдыккандар жана жакын адамы каза болгон жарандар келди.

Келген жарандардын баары керектүү медициналык кароодон өтүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM