Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев дары-дармектердин баасын кымбаттаткандарга жана башка кызыл кулактык кылгандарга кайрылды.
“Дары-дармектердин баасын кымбаттаткандар жана башка кызыл кулактык кылгандар биз баарын көрүп жатабыз. Бул күндөр да өтөт. Ошондо силер менен сүйлөшөбүз. Элдин арыз-муңунан акча жасаганды токтоткула. Ар кандай имиштерди чыгарып, дарыңарды сатканды токтоткула. Андан көрө элдин, шаардыктардын жанында болгула. Убагы келгенде эл силерге ыраазычылыгын айтат”, — деди ал.
Балбак Түлөбаев: Жаңы ачылган борборлордо бейтаптарды жаткыруу мүмкүн эмес