Биз менен байланышыңыз

Бишкекте пневмонияны дарылоо үчүн төрт борбор ачылат

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 1204 | 0

Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайда ошондой эле капельница дагы алса болот.

Белгиленгендей, борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.

Убактылуу борборлорду ачуу боюнча иштер премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча жүрүүдө. Бүгүнкү күндүн соңуна чейин бардык даярдоо иштери аякташы керек.

Убактылуу борборлор төмөндөгү даректер боюнча ачылат:
1. Ленин району – «Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
2. Биринчи май району – Спорт сарайы;
3. Свердлов району – Р.Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
4. Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Магистраль боюнча).

 

Copyright © 2017 Maral FM