Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 31 бейтап каза болду

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 698 | 0

Ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (COVID-19 тастыкталбаган) стационардагы бейтаптардын саны 2122ге жети. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Учурда реанимацияда 153 бейтап болсо, оор абалдагылар 496 адамды түзөт.

Мындан сырткары, бир сутка ичинде пневмониядан 31 бейтап каза болгон. Жалпы пневмониядан каза болгондордун саны 151ге жетти.

Бардыгы – 3009, алардын ичинен 736 адам айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM