Биз менен байланышыңыз

Кыргыз медицинасы: Бул абалга кантип келдик?

Ден соолук , Коом , Саясат | 4 Июл 2020 | 2329 | 0

Өлкөдө курч эпидемиологиялык кырдаал жаралып, СOVID-19 коронавирус инфекциясы акыркы он күндө жогорку темп менен өсүп, бийликтин көзөмөлүнөн чыгып калды. Бул абалдан чыгуунун жана адам өмүрүн сактап калуунун жолдорун жарандар өздөрү издешүүдө. Алар дарыгерлерге жардам берүү үчүн каражат чогултуп, жасалма дем алдыруучу жана кычкылтек концентраторлорун чет өлкөдөн алдыртып, имараттарын оорукана катары пайдаланууга берип, ыктыярдуу дарыгерлер оорулууларга ийне сайып, коронавирус менен эл өзү күрөшүүдө. Медицинанын бүгүнкү абалга кептелишине эмне себеп болгондугу суроо бойдон калууда.

Медицинанын бүгүнкү абалга келишине бийлик эмне дейт?

Пандемия — саламаттыкты сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен көйгөйлөрдү ачыктаганын 3-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин күнүнө карата кайрылуусунда айтып, эми аталган тармакты башкарууну жолго кое турганын, болбосо, улут саламаттыгы чоң коркунучка туш болоорун айтты.

Ошол эле учурда президент медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттерин ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө чакырып, жеке ишкерлерди медиктерге колдоо көрсөтө турганына ишенимин билдирди.

Ал эми Өкмөт болсо, 3-июлда гана кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлгөндүгүн, медициналык мекемелердин бейтаптардан ПЦР анализ талап кылбастан кабыл алуусу керектигин жарыялады.

Ага чейин бардык ооруканалар бейтаптардан ПЦР анализ талап кылып келгендиктен, айрым бейтаптар бир ооруканадан экинчисине барып, эч бири кабыл албай, ПЦР анализинин жыйынтыгы чыкканча ден соолугу начарлап каза болуп калган учурлар да катталды. Ошондой эле оорканаларда жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздигинен обсервацияда жаткан бейтаптар кезек менен дем алып жатышкандыгын, жана улгайган жарандардын аппарат жетишсиздигинен канчалык кыйынчылык тартып, абал оор экендигин социалдык баракчаларынан байма-бай жазышууда.

Көп жылдар бою мамлекет тарабынан санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өнүгүшүнө жетиштүү көңүл бурулбагандыктан медицина бүгүнкүдөй абалга келгендигин, натыйжада, бул кызмат учурдагы кырдаалга даяр эмес экендигин вице-премьер-министр Аида Исмаилова айтты.

Анын айтымында, азыркы тапта мамлекет өтө оор кыйынчылыкка туш болду: вирус тез жайылып, ооруканаларда орун жетишсиз болуп, дары-дармектердин жетишсиздиги байкалып жатат. Бирок, мындай абал бүткүл дүйнөдө болуп жатканын белгилөө керек.

— «Балким, биз абалга жетиштүү баа бере алган жокпуз, бирок бул инфекция алгачкы жолу чыкты, анын этимологиясы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз жана эч кимде бул абалга даяр сценарий болгон эмес«, — дейт Исмаилова.

Абалды оңдоп кетүү толук мүмкүн, оорукана курууга азыр да кеч эмес

Азыркыдай абалга кептелип калбаш үчүн Өкмөт баардык жагдайларын эске алуу менен башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып, келген акча каражаттарын туура багыттап, жок дегенде бир оорукана куруп, алдын ала даярдык көрүшү керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, учурдагы жасалма дем алуучу аппараттардын, ооруканалардагы койкалардын жетишсиздигине түздөн-түз өкмөт жоопкерчиликтүү.

Ошондой эле, ал Өкмөттүн көзөмөлгө алынган жана аткарылып жаткан иш чараларын тездетсе ситуацияны оңдоп кетүүгө мүмкүн боло турганын кошумчалады.

«Ишкерлердин колдоосу жана бюджеттен акча бөлдүрүү менен толук аппараттары жана жабдуусу менен оорукана курууга барыш керек. Оорунун качан токтошу белгисиз, ошондуктан абалды мындан да курчутуп албоо максатында курушту баштоо керек», — деди Маматалиев.

Мындан сырткары, ал коомчулуктагы ар кандай маалыматтардын негизинде эл оорунун бар экендигине ишенбестиги да бүгүнкүдөй абалга келүүгө кандайдыр бир деңгээлде себеп болгондугун кошумчалады.

Эксперт: Кыргызстандагы бүгүнкү абал бүгүн эле келип чыккан кырдаал эмес

Бүгүнкү күндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагы пандемияга каршы өзүнүн күчсүздүгүн, жетишсиздигин көрсөткөндүгүн алдыңыкы 20 өлкөнүн жетекчилери онлайн конференцияда билдиришкен. Алдыңкы 20 өлкөдө, анадан сырткары биз үлгү алган Америка да коронавируска туруштук бере албай дүйнөдө вирус эң көп тараган өлкөгө айлангандыгын мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев айтты.

Анын айтымында, бир эле Кыргызстанда абал ушундай болуп калган жок. Ошол эле учурда Кыргызстандагы бүгүнкү абал бүгүн эле келип чыккан кырдаал эмес.

— «30 жылдын ичинде Кыргыз медицинасы багытын таппаган кайыктай, эскинин баарын уратып, жаңы нерсе курууга экономикалык күч жетпей, жок дегенде эски медицинаны коргоп калууга аракет кылды» , — деди Батыралиев.

Ошондой эле, ал медицина тармагына жасалган реформалар 2-5 жылдын аралыгында жыйынтык көрсөтпөй тургандыгын жана ага көп акча талап кылына тургандыгын белгилеп, учурда системалык реформага барыш керектигин айтты.

Мындан сырткары ал, бүткүл дүйнө вируска жаңы вакциналарды, дары- дармектерди чыгарууга аракет кылып жатса, ушул күнгө чейин Кыргызстан коронавируска тест-системаларды табууда кыйынчылык көрүп жатканын далил катары кошумчалады.

Медицина тармагын кантип өнүктүрсө болот?

30 жылдан бери медицина тармагын өнүктүрүүгө багытталып ар түрдүү долбоорлор жазылып, ошол эле учурда аларды ишке ашыруу үчүн донорлор, фонддор жардам берип келет. Бирок түздөн-түз реформа жасай турган эффективдүү долбоорлор саналуу гана. аралдын ичинен бир гана көрүнүктүүсү гемодиализ тармагына жасаган реформа. Анда, жеке ишкерлер менен мамлекет күчүн бириктирип абалды жолго салышты. Ушул эле жол менен ар бир тармак боюнча иш алып баралышы керек болчу. Мындай ыкма көпчүлүк мамлекеттерде ийгиликтүү натыйжа бергендиги тастыкталган. Буга байланыштуу мамлекет жеке ишкерлер менен биргеликте иш алып барышы керек болчу. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин мамлекет жеке секторго өткөрүп берүүдө көзөмөлдөй албай калуу жана башкаруучулук функциясын жоготуп алуу коркунучунан улам өткөрүп бербей келет. Бул маамлекеттин Советтер доорунан калган «корккон туура эмес сезими» катары бааласак болот.

Медицинанын жеке секторго өтүшү ошол эле учурда дарыгерлердин чет өлкөгө жумуш издеп кетүүсүн алдын алып, бүгүнкү күндөгү кадр жетишсиздиги мамлесесин чечмек. Анткени мамлекеттик медицина мекемелерине жумушка кирүү коррупциялашып ишке орношуу да бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ошол эле учурда дарыгерлердин айлык маянасынын орточо көрсөткүчү 5600 сомду түзөт. Мына ошого байланыштуу өзүнүн күчүнө, билимине ишенген күчтүү дарыгерлер чет мамлекетке чыгып кетишүүдө.

Акыркы убактагы медицинадагы жакшы жышаан

Учурда жаң медициналык факультет же университет курам дегендерге өздөрүнүн клиникасын куруу талабы мамлекет тарабынан койулган.

Мына ошого байланыштуу Эл аралык медициналык университети өзүнүн 400 оорундуу клиникасын ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүгө аракет жасап жатат.

Ошондой эле, Салымбеков университетинин медициналык факультети өзүнүн клиникасын куруу боюнча проектилерин жазып жаткандыгы белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM