Биз менен байланышыңыз

Үч айда медкызматкерлерге 259 млн 100 миң сом компенсация төлөндү

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 273 | 0

Үч айда медицина кызматкерлерине 259 млн 100 миң сом компенсация төлөндү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, март айына эпидемиологиялык очоктордо иш алып барган 6 миң 438 медкызматкерге 37 млн 700 миң сом төлөндү. Апрель айында 10 миң 61 медкызматкер жалпы 111 млн 600 миң каражат алган. Май айында 8 миң 891 кызматкерке 109 млн 800 миң сом которулуп берилди.

Медиктерге төлөнгөн каражат Саламаттыкты сактоо министрлигинин депозиттик эсебинен берилген.

-Саламаттык сактоо мекемелериндеги медициналык кызматкерлердин акысыз өргүүгө чыкканы сыр бойдон калуусун талап кылып жатышат деген арыздар түшүп жатат. Буга жол бербеш керек. Бул учурлар тууралуу тийиштүү текшерүүлөр жүрөт. Эгерде медкызматкерлерге каралган кошумча акылар төлөнбөгөнү аныкталса, ал мекеменин жетекчисинин иши каралат, — деди Исмаилова.

Ал саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин кошумча төлөнүүчү акылар боюнча маселелерди көзөмөлгө алып, мониторинг кылууга чакырды.

Исмаилова белгилегендей, өлкөдө эпидемиологиялык абал оорлошуп баратат. Акыркы убакта коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүүдө. Орундарды көбөйткөнгө карабастан бейтапканалар толуп калууда. Медициналык кызматкерлер жетишсиз болуп жатат.

Санитардык-карантиндик кызматтын керектүү аппарат менен камсыздалууда. ПЦР системасын, реагенттер сатылып алынууда жана толук көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Исмаилова илдеттен каза тапкандардын жакындарына көнүл айтты. Мындан сырткары, саламаттыкты сактоо системасында кызмат көрсөтүп жаткан медкызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM