Биз менен байланышыңыз

Бишкекке жүргүнчү ташыган транспорттордун ишине чектөө кирди

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 832 | 0

Чүй облусунун райондору жана шаарларынан Бишкек шаарына жүргүнчү ташыган транспорттор иш күндөрү эртең менен жана кечинде жүрүшөт. Ишемби жана жекшемби күнү токтотулат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Ага ылайык, Чүй облусунда базарлар саат 06.00дөн 15.00гө чейин иштейт. Дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жабык болот.

Соода-сатык пункттары саат 07.00дөн кечки 19.00гө чейин иштешет. Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08.00дөн кечки 21.00гө чейин иш алып барат.

Мындан сырткары, тойкана, караоке-клуб жана башка көңүл ачуучу жайлардын кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM