Биз менен байланышыңыз

Бир суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 392 | 0

Бир сутканы ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Чүй облусунда 7, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. 

Баткен районунун Боз-Адыр айылына караштуу Шаркабад тоосунунда 30 гектар куураган чөп күйгөн. 

Талас шаарында Мырзалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Кар-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында көчөсүндө ачык аянтта 10 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн.

Учурда өрттүн чыгышынын себептери такталууда. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM