Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын аймактары зыянсыздандырылды

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 459 | 0

Ош облусунда 74 600 м² аянт жер, 25 миң погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, Ош шаарынын аймактары да залалсыздандырылды.

Тактап айтканда, 2-июль күнү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, жаш балдар ойноочу аянтчалар, Тешик-Таш мөмө жемиш базары, 15 кичи дүкөн, 13 дарыкана, 4 мечит, 1 оорукана, 8 эт сатуучу жай, 12 аялдама, 7 навайкана, 2 устакана, Ата-Түрк эс алуу багы, Ош мамлекеттик телерадиокомпаниясы жана Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын имараты дезинфекцияланды.

Бул иш-аракеттер КР ӨКМ тарабынан Республиканын бардык аймактарында улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM