“Ысык-Көл облусунан 30 медкызматкер Бишкек шаарына жиберилет. Бул тууралуу өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, медиктер борбор калаадагы кесиптештерине жардам бермекчи.
-Ошондой эле, Бишкек шаарынан пансионаттарда иштөө үчүн 24 медкызматкердин келери күтүлүүдө. Алар менен келишим түзүлгөн, — деп кошумчалады Акылбек Осмоналиев.