Биз менен байланышыңыз

Окуу жайлардын жатаканасында 750 койка-орун даярдалат

Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 544 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.

Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, бир катар окуу жайлардын жатаканаларынын базасында 750 койка-орун жана «Манас» аэропортунан 400 кошумча койка-орун даярдалууда. Ыкчам медициналык жардам кызматтарынын ишмердигинин потенциалын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Боронов пандемияга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттемелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акылар өз убагында төлөнөрүнө ишендирди.

Президент эң биринчи кезектеги милдет — вирустун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана бейтаптарды өз убагында кабыл алуу, аларды ооруканаларга жайгаштыруу экенин белгиледи. Ошондой эле,  мезгилдүү илдеттердин алдын алууга керектүү даярдыктарды көрүүгө чакырды.

Бороновдун айтымында, учурда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар.

Эске салсак, Кыргызстанда оору жуктургандардын жалпы саны 5 735ке жетип, алардын 2 443ү айыкты. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM