Биз менен байланышыңыз

Индира Кудайбергенова медициналык академиянын ректору болуп шайланды

Кыска кабар | 29 мая 2021 | 467 | 0

Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп шайланды.  Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Ал добуш берүүнүн жыйынтыгында 698 добуш алган. Ректорлук кызмат үчүн шайлоого 4 талапкер катышкан. лар: медицина илимдеринин докторлору,профессорлор Зиябидин Айдаров, Эркин Алымбаев, Индира Кудайбергенова, Жолдошбек Шаршенбиев.

Эскерте кетсек, Индира Кудайбергенова 1956-жылы туулган. Эмгек жолу 1979-жылы Республикалык килиникалык ооруканадан башталган. Кудайбергенова — медициналык илимдеринин доктору, пластикалык жана жалпы хирургиянын, маммологиянын адиси.

Ал буга чейин 2016-жылы шайлоонун жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM