Биз менен байланышыңыз

5 айда коммерциялык банктар жалпы 40,3 млрд сом насыя берген

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 250 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго насыя берилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 10,8 млрд сомго аз. Аны себептеринин бири коронавирус инфекциясынын кесепеттери болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, бизнести өнүктүрүү үчүн кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Анткени бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Документтерди топтоп жүрүп карыз алуучунун каалоосу жоголот.

Премьер-министр чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү каралган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы ишке киргизилгенин эске салды.

-Биз бул программаны COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнеске жардам көрсөтүү үчүн бекиттик. Эл аралык финансы институттарынын да, республикалык бюджеттен да каражаттар тартылууда. Жакында 1,3 млрд сомго аукцион өттү. Жакын арада дагы бир аукцион өтөт. Ага мүмкүн болушунча көп коммерциялык банктар катышуусу зарыл, — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы мындан сырткары «Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасына токтолду.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 25-июнуна карата 7 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 3,3 млрд сомго 6631 насыя берилген. Анын негизги бөлүгү жазында дыйкандар каражатка муктаж учурда берилген.

-Бирок биз көрүп тургандай, пландын жарымынан көбүрөөк бөлүгү аткарылды. Албетте, жазында карантин жарыяланган, бирок, кредит берүү көлөмүнүн кыскаруусу банктардын карыз алуучуларга карата талаптарынын жогорулашына байланыштуу деп эсептейм, — деди Боронов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM