Азыркы тапта өлкө аймагындагы абактарда жаза өтөп жаткан адамдардын арасында коронавирус инфекциясы жуккан учурлар жок. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 30-июнга карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жалпы 16 кызматкеринен коронавирус аныкталган.
Алардын ичинен эки кызматкер ведомстволук ооруканада, бир аскер кызматкери Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланууда.