Биз менен байланышыңыз

Пандемия шартында иштеген медкызматкерлерге компенсация төлөнөт

Без рубрики , Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 1324 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам 21-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты, медициналык кызматкерлерге, анын ичинде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал учурунда иштеген дерге кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү максатында иштелип чыкккан.

Мыйзамга ылайык, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында медицина кызматкерлерин ишине жеткирип туруу, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу жана талаптагыдай эмгек шарттарын төлөө милдеттендирилет.

Бул берене менен кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда жана өз ден соолугуна залал келтирилген медицина кызматкерлерине ээлеп турган кызмат орду боюнча 4 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Өзүнүн кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерлерине кызматына жараша 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Медицина кызматкери пандемия шартында оорунун кесепетинен каза болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жабыр тарткандын 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

Эгер медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин 1 жыл өткөнгө чейин жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда, ага бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

Ошондой эле бир жолку акчалай жөлөкпулдардын суммалары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнөт.

Кабыл алынган мыйзамдын 11-1 беренесинин жоболорунда жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине, эгерде алар ушундай шарттарда ишке тартылган болсо толук колдонулат деп каралган.

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесине түзөтүүлөр киргизилүүдө. Анда саламаттыкты сактоо уюмдары өз каражатынан медицина кызматкерлерине кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө, оорулардан дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөйт, ошондой эле мезгилдүү милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.

Copyright © 2017 Maral FM