Биз менен байланышыңыз

Шаматов: Мугалимдер дистанттык баалоону өздөштүрүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Июн 2020 | 661 | 0

Кыргызстанда мугалимдер сапаттуу дистанттык окутуу жана окуучуларды баалоону өздөштүрүшү керек. Мындай пикирин Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

-Мен кыргызстандык мугалимдерге абдан ыраазымын. Алар пандемия башталгандан бери окуу процессин үзгүлтүккө учуратпастан, окуу программасын аткара билишти. Жаш курагына карабай жаңы көндүмдөрдү үйрөнүштү. Пенсия жашында болсо да, аракет кылган окутуучуларды көрүп абдан сүйүндүм. Эми мугалимдер топтогон тажрыйбасынын негизинде кайрадан анализ жүргүзүп, сапаттуу дистанттык окутуу жана окуучуларды баалоону өздөштүрүшү керек, — дейт Шаматов.

Copyright © 2017 Maral FM