Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу кабарлады.
Учурда төрт депутат, төрт аппарат кызматкери дарыланууда. Калгандары ПЦР-тест тапшырууну улантууда.
25-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 3954кө жетти. Илдеттен 2112 жаран айыгып, 43 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.