Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Москва шаарынан кайтып келди. Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан анализ тапшырышты.
Буга чейин айтылгандай, президент жана делегация мүчөлөрү анализ тапшырып, жыйынтыгы чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат.
Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.
Стамалиева: Президент жана делегация мүчөлөрү Москвага барарда тест тапшырышкан