Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалганы боюнча кылмыш иши ачылып, материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
17-июнда Эмилбек Кимсанов арыз жазып, өзүн 4-апрелде № 21 камак жайынын кызматкерлери себепсиз сабаганын, денесине залал келтиргенин жазган.
Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») боюнча катталды.
Буга чейин Кимсановдун адвокаты кардарын 3-апрелде, тергөө абагына түшкөн алгачкы күнү сабашканын айтып, видео тараган. Маалыматты Жаза аткаруу кызматы четке каккан.